Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

АКШ жетекчилиги - чет өлкөлөрдөн келгендерди каттоону кеңейтүүдө


Америка Кошмо Штаттарынын Укук министирлигинин айтымында, дагы беш мамлекеттен өлкөгө көчүп келген адамдар атайын каттоодон өтүүгө тийиш. Бангладеш, Индонезия, Йордания, Кувейт менен Мисирден келген жана 16 жаштан улуу эркектер Иммиграция кызматынын жергиликтүү кеңселерине өз ыктыяры менен келүүгө тийиш. 17-январда - Алжир, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Ливан, Марокко, Ооганстан, Түндүк Корея, Оман, Сомали, Тунис жана Эритреядан келгендерди каттоо мөөнөтү аяктады. Декабрь айында болсо, Ирак, Иран, Ливия, Сирия жана Судандан келгендер катталган, жана алардын кээ бирлери камакка алынганда, Лос Анжелес шаарында каршылык демонстрациялары өткөн.

XS
SM
MD
LG