17-январь күнү Маскөөдө Индиянын коргоо министри Джордж Фернандес менен жолукканда, Орусиянын коргоо министри Игорь Иванов - "Аль-Каида" уюмунун террорчуларынын колуна кеңири кыруучу курал тийиши мүмкүн деп жарыялады. Ивановдун айтымында, ошондуктан, эл аралык коомчулук андай куралга болгон көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Георгий Мамедов 16-январда - "Аль Каиданын" колуна өзөктүк курал Пакистанда тийиши мүмкүн деп билдирген.