Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Эл аралык текшерүүчүлөр Иракта шектүү бош дүрмөттөрдү тапты


Иракта иштеген эл аралык текшерүүчүлөрдүн жетекчиси Ханс Бликс 17-январда Париж шаарына келип, Франциянын президенти Жак Ширак менен Ирак маселесин талкуулады. Парижден кийин Бликс Лондонго барып, Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр менен да жолугат. Эки өлкө тең Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү жана вето укугуна ээ. Ширактын айтымында, Иракка каршы аскерий аракет - Бириккен Улуттардын макулдугу менен гана болушу мүмкүн. "Биздин оюбузча, эгер аскерий сокку болсо, ал тууралуу чечимди - инспекторлордун маалыматына таянып, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши гана кабыл алууга тийиш. Франциянын болсо, албетте, абалды эркин баамдоого толук укугу бар", - деди Ширак. 16-январда Иракта 11 бош дүрмөт табылган жана инспекторлордун айтымында, алар мурда химиялык зат менен дүрмөттөлгөнү мүмкүн. Ирак генералы Хуссам Мухаммед Аминдин айтымында болсо, табылган бош дүрмөттөр жөн гана бракталган артиллериялык ракеталардын калдыгы. "Аларды химиялык же биологиялык курал деп атоо мүмкүн эмес. Алар жөн гана бош дүрмөттөр, жөн гана кичинекей артиллериялык ракеталар. Алардын керектөө мөөнөтү мындан бир нече жыл мурда бүткөндүктөн, алар унутта калган жана эч ким аларды кайра пайдаланууну көздөгөн эмес", - дейт Ирак генералы.

XS
SM
MD
LG