Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:03

Саддам Хусейндин айтымында, согуш башталса, Ирак АКШны жеңет


Ирак президенти Саддам Хусейн 17-январда атайын билдирүү жасап, эгер Америка Кошмо Штаттары Иракка кол салса, Ирак аскери алардын таш-талканын чыгарат деп жарыялады. Хусейндин айтымында, Ирак азыр өз аскерлерин жогорку даярдыкка келтирүүдө жана анын сөзү - 1991-жылы Иракка каршы батыш коалициясынын согушу башталганынын 12 жылдыгына арналды. Сөзүндө, бирок, Хусейн өлкөдө иштеп жаткан эл аралык текшерүүчүлөр тууралуу эч нерсе деп айткан жок. АКШ менен Улуу Британия Перс булуңуна өз аскерлерин чогултууда жана Иракка каршы жакында аскерий сокку урулушу мүмкүн. Вошингтондун айтымында, Ирак - кеңири кыргын салуучу курал өндүрөт жана куралсызданууну каалабайт.

XS
SM
MD
LG