Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Референдумга байланыштуу Ошто областтык штаб түзүлдү


Ошто референдум өткөрүү боюнча областтык штаб түзүлдү. Анын жетекчилигине Ош областтык мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Мамажусуп Нышанбаев бекитилди. Губернатор Накен Касиев референдумга байланыштуу өткөргөн областтык активдин жыйынында областтык структураларда иштеген жооптуу кызматкерлерден бирден адамды областтагы 84 айыл өкмөткө бөлүштүрүп, референдум үчүн баш оту менен жооп берүүгө чектеп, үгүт иштерин жүргүзүш үчүн аларды командировкага жөнөттү. Ушундай эле жыйын Ош шаардык мэриясында да өтүп, жетекчи кызматтагылардын ар бири шаардагы 59 шайлоо участкасына жоопкер болуп дайындалды. Ал эми Ош областтык шайлоо комиссиясынын төрагасы Досалы Иманбердиев баштаган топ жума күнү Каракулжа районунда референдумдун жол-жобосун тастыктаган семинар өткөрдү.

XS
SM
MD
LG