Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:32

Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы референдум боюнча түшүндүрмө берди


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 17-январда тараткан маалыматында айтылгандай,алдыдагы референдумга байланыштуу көптөгөн суроолор түшүп жатат. Алардын арасында «Референдум жөнүндөгү» 1991-жылдагы мыйзамга, конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдумга бир эле суроонун киргизилишине, референдумдун материалдарын түшүндүрүү иштерине мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын катышуу укуктарына байланыштуу маселелер козголгон.БШКнын маалыматы боюнча, референдум жөнүндөгү жаңы мыйзам кабыл алынмайынча референдум өткөрүүгө болбойт деп эсептеген айрым депутаттардын көз караштары туура эмес. Анткени 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү» тууралуу мыйзамда каралган нормаларга ылайык, 1991-жылдагы мыйзам референдум жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынганга чейин колдонулат,ал эми мындай жаңы мыйзам алиге чейин кабыл алынган эмес. Экинчиден, БШКнын билдирүүсүнө караганда, референдумга Конституциянын жаңы долбоору боюнча бир суроо эмес, айрымдар сунуштагандай бир нече суроо киргизүү документти системалуулуктан ажыратат. Ошондой эле БШК «мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын референдумдун материалдарын түшүндүрүү иштерине катышууга акысы жок» деген дооматтар да туура эмес, деп эсептейт. Анткени бул иш-чара шайлоо эмес, референдум болуп саналат. Бул жерде мамлекеттик маанилүү маселе чечилип жаткандыктан, мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик органдардын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөгө жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого милдеттүү. «Ошондуктан, мамлекеттик кызматчылар БШК менен бирге алдыдагы референдум тууралуу калкка толук маалымат берүүгө милдеттүү», деп айтылат Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында.

XS
SM
MD
LG