18-январда Токио университинин ооруканасында Жапания императору Акихитого операция жасалды жана императордун атайын маалымат агенттигинин айтымында, ал ийгиликтүү өттү. Алтымыш тогуз жаштагы императордун урук чыктагыч безинин рагы пайда болгон, бирок доктурлардын айтымында, операциядан кийин ал айыгып кетиши мүмкүн. Ооруканага император дагы бир ай жатууга тийиш, операция болсо алты саатка уланды. Буга чейин Жапаниянын бир да императору катардагы ооруканага жаткан эмес жана алардын ден соолугу тууралуу маламат катардагы адамдарга айтылчу эмес.
Нарын АЙЫП, Прага
Нарын АЙЫП, Прага