АКШ коргоо министрлигинин айтымында, 17-январда эки аскерий кеме Калифорниянын Сан-Диего портунан чыгып, Перс булуңуна бет алды, аларда 10 миңге жакын аскер бар. Дагы 10 миңге жакын аскери бар башка беш кеме ошол эле Калифорния штатынын Кэмп Педелтон шаарынан Перс булуңуна жөнөдү. Жакын арада Америка Кошмо Штаттары Ирактын айланасында 120 миңге жакын аскер чогултат.