Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:59

АКШ мусулмандары Ирак президентинин кызматтан чегинишин талап кылууда.


Америка Кошмо Штаттарынын мусулмандарынын пикири боюнча, Ирак кризисин чечиш үчүн, өлкөнүн президенти Саддам Хусейн кызматынан чегиниш керек, АКШ болсо Иракка каршы согушка даярдыктарды токтотууга тийиш. АКШнын мусулман уюмдарын бириктирген Саясий Координациялык Кеңештин айтымында, Хусейндин диктаторлук бийлиги ислам эрежелерине туура келбейт, бирок АКШ президентинин маселени күч менен чечүү аракеттери да туура эмес. Кеңештин пикири боюнча, Хусейн кызматтан кеткенден кийин, Бириккен Улуттар Уюму менен "Ислам Конференциясы" уюму биригип Иракта эркин жана демократиялык шайлоо өткөрүшү керек. АКШда жети миллионго жакын мусулман жашайт.

XS
SM
MD
LG