"World Peace Now" аттуу уюм Ирак согушуна каршы кеңири аракет баштоодо. Уюмдун демилгеси менен биринчи демонстрация 18-январда Жапанияда башталды. Бир нече миң адам Жапаниянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралынан өлкөнүн түштүгүндөгү Окинава аралдарына чейин жөө жүрүшкө чыкты, андан тышкары, эксперттердин жыйындары, согушка каршы концерттер жана ар башка митингдер да болот. Уюмдун планы боюнча, согушка каршы демонстрациялар Америка Кошмо Штаттарынын борбору Вошингтон жана бир нече башка шаарда, андан тышкары, Аргентина, Испания, Мексика, Мисир, Улуу Британия жана дүйнөнүн дагы кеминде 15 башка өлкөсүндө уюштурулат. Жапаниядагы демонстрациянын катышуучулары премьер-министр Дзюнитиро Коидзумиге кайрылып, аны - АКШ Иракка каршы баштай турган согушту колдобоого чакырды. Австрия менен Пакистанда болуп өткөн антиамерикалык митингдерге 17 жана 18-январда миңдеген адам катышты.