Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Кыргыз спортчулары жыл жыйынтыгын чыгарышты


Кыргыз спортчуларынын 2002-жылды жыйынтыктаган жыйыны 17-январдын кечинде президент Аскар Акаевдин катышуусунда Кыргыз филармониясында болуп өттү. Жыйында келтирилген маалыматтар боюнча,өткөн жылы Кыргызстандык спортчулар эл аралык ар түрдүү мелдештерде 39 алтын, 78 күмүш, 77 коло медаль жеңип алышкан. Ал эми мамлекет спортко 2002-жылы андан мурунку жылдагы 38,7 млн. сомдун ордуна 54,7 млн. сом каражат бөлгөн. Жыл жыйынтыгына арналган чогулушта президент Акаев Кыргызстандын дене тарбия жана спорт тармагына эмгек сиңирген сегиз адамга «Даңк» медалын,«Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» наамын жана ардак грамоталарды тапшырды.

XS
SM
MD
LG