Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Жалпы элдик үчүнчү курултай 2-февралга чейин өткөрүлөт


«Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо кыймылы» 2-февралдагы элдик референдумга чейин жалпы элдик үчүнчү курултайды өткөрөт. Бул тууралуу ишемби күнү аталган кыймылдын мүчөлөрү, Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаттары Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов маалымдады. Алардын айтымында, элдик курултайда элдик референдумдун мыйзамсыз өткөрүлүп жаткандыгы, Аксы окуясында күнөөлүү деп табылгандардын үстүнөн адилетсиз өткөн сот жараянынын чечими, мурдагы элдик курултайлардагы каралган маселердин аткарылышы жана кыймылдын келечектеги иш планы тууралуу маселелер талкууланат. Ал эми курултайдын качан жана кайсыл жерде өткөрүлөрү келерки жуманын дүйшөмбүсүндө жалпы коомчулукка жарыяланат. Аткаруу бийлиги оппозиция өкүлдөрүнүн үчүнчү курултайды 2002-жылдын 16-ноябрында Бишкекте өткөрүү аракетине мүмкүнчүлүк берген эмес. Республиканын жер-жерлеринен келген делегаттар күч менен автоунааларга салынып, туруктуу жашаган жерлерине жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG