Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Элдик референдумга каршы уюшулган штабдын өкүлдөрү жер-жерлерде үгүт иштерин башташат.


Референдум өткөрүүгө каршы түзүлгөн штаб жакын арада жүргүзө турган иш пландарын жарыя кылды. Атап айтканда, жер-жерлерде иш алып бара турган координаторлор аныкталды. Штабдын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин «Азаттыктын» кабарчысына берген маалыматтары боюнча, ар бир областка тийиштүү өкүлдөр бөлүштүрүлдү.Штаб өкүлдөрү референдумдун мыйзамдуу өтүшүнө көзөмөл жүргүзүшөт, коомчулукту референдумга катышпоого, эгерде катыша турган болсо коюлган суроолорго каршы добуш берүүгө үндөшөт.Элдик референдумга көзөмөл кылуучу штаб жума күнү түзүлгөн. Ага республикадагы он бир саясий партиянын, бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрү, парламенттин туруктуу палатасынын бир нече депуттары жана Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү киришкен.

XS
SM
MD
LG