Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Эл аралык тоо жылынын жыйынтыгы чыгарылды.


18-январда Өкмөт үйүндө өткөн жыйынга мамлекет башчысы Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев,өкмөт мүчөлөрү,айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана областтардын жетекчилери катышышты. Президент Акаев өз сөзүндө Кыргызстанда эл аралык тоо жылы ийгиликтүү аяктагандыгын белгилеп, келечекте республикадагы тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн планын иштеп чыгуу зарылдыгын көрсөттү.Ал эми премьер Танаевдин пикиринде, Кыргызстан бул маселеде тоолуу өлкөлөрдүн арасында лидер экендигин көрсөттү. Анын айтымында, 2005-жылы Кыргызстанда эл аралык экинчи тоо саммити өткөрүлөт. Жыйын соңунда эл аралык тоо жылын ийгиликтүү өткөрүүдө сиңирген эмгеги үчүн премьер-министр Николай Танаевге, Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовго,тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук комиттеттин төрагасы Асылбек Айдаралиевге «Манас» ордени тапшырылды.

XS
SM
MD
LG