Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Кубадагы парламенттик шайлоодо калк Коммунисттик партияны колдоду


Шайлоо атаандаштарсыз өттү. Парламенттеги 609 орун үчүн туура ушундай сандагы талапкер катталган эле. Кубанын Коммунисттик партиясынын маалыматына караганда, алардын талапкерлерин шайлоочулардын 97% жактады. Өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары окуяны "коммунисттик бийликке карата элдик колдоонун далили", - деп баалашты. Кубанын диссиденттик топтору элди шайлоону бойкоттоого чакырган болчу.

Улан Алымкул уулу, Прага

XS
SM
MD
LG