Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Сербиянын мурдагы президенти Гаага трибуналында сурак берет


Милан Милутинович бүгүн өз эрки менен сурак берүү үчүн Белграддан БУУнун аскерий кылмыштар боюнча Гаагадагы трибуналына келди. Милутинович -Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевич менен ийиндеше иштеген адам. Ал 90-жылдардын соңунда, Косоводо болгон согуш учурунда жергиликтүү албандарга каршы жүргүзүлгөн этникалык тазалоолор үчүн айыпталып жатат. Милутиновичтин өзүнүн ырастоосунда, ошол кезде серб аскерлери ага баш ийген эмес. Сербиянын президенти катары Милутиновичтин кызмат мөөнөтү 29-декабрда аяктаган. Ага чейин расмий Белград аны трибуналга өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдөн баш тартып келген эле. Ал эми учурда Слободан Милошевичтин соту ал сыркоолоп жатканына байланыштуу токтоп турат.

XS
SM
MD
LG