Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Ливия БУУнун Адам укуктары комиссиясында төрагалык кылат


Женева шаарындагы жыйында Ливиянын талапкерлигин комиссияга мүчө 53 өлкөнүн 33чү жактады, 3сү каршы, 17си калыс болду. Адам укуктары комиссиясында төрагалык кылуунун ротациялык эрежесине ылайык, бул ирээт аталган мекемени Африканын өлкөсү башкарыш керек эле. Африкалык мамлекеттер Ливиянын талапкерлигин көргөзгөн. АКШнын жана бир катар эл аралык укук коргоо уюмдарынын пикиринде, Ливия адам укуктарын такай бузуп келген өлкө болгондуктан-БУУнун мекемесин жетектей албайт. АКШнын каршылыгына байланыштуу маселе добушка коюлду. Эми Ливия Адам укуктары комиссиясында бир жыл төрагалык кылат.

XS
SM
MD
LG