Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:31

Ирак БУУнун инспекторлору менен кызматташтыгын кеңейтүүнү убада кылды


Ирактын президентинин илимий иштер боюнча кеңешчиси Амир ал-Саадинин айтымында, кызматташтыктын багыттары бүгүн Багдадда аяктаган сүйлөшүүлөрдүн соңунда кабыл алынган макулдашууда каралган. БУУнун курал-жарак инспекторлорунун башчысы Ханс Бликстин билдиргенине караганда, документте инспекторлордун шектүү жайлардын баарына, анын ичинде жеке үйлөргө кирүү укугу дагы бир ирээт бекемделет. Мындан сырткары Ирак инспекторлордун жергиликтүү окумуштуулар менен жеке маектешүүлөрүнө макул болду. Ханс Бликс Багдаддан жөнөөр алдында, Ирак өз убадаларын урматтарына ишенээрин белгилеп, "алар тыю салынган аракеттерге байланышкан улуттук мыйзамдарын болушунча тезирээк кайра жазып чыгат", -деди.
Кипрдин тышкы иштер министри Яннакис Кассолайдистин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Улуттар Уюму ирактык окумуштуулар менен өзөктүк куралдар маселеси боюнча маектешүүлөрдү Кипрде өткөрүүнү суранган.

XS
SM
MD
LG