Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Кыргызстандын суу стратегиясы талкууланууда


Бишкектеги «Пинара» мейманканасында өтүп жаткан «тегерек үстөл» жыйында Кыргызстандын суу стратегиясына байланыштуу маселелер талкууга алынууда. Жыйынга кыргыз президентине караштуу стратегиялык иликтөө институту, ошондой эле германиялык Фридрих Эберт фонду демилгечи болушту.”Тегерек үстөлдөгү” талууларга вице-премьер министр Базарбай Мамбетов,мамлекеттик кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, окумуштуулар, адистер катышууда. «Тегерек столдо» талкууланып жаткан Кыргызстандын суу стратегиясын премьер-министрдин буйругу менен 2002-жылдын август айында түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыккан. Стратегиянын ички жана сырткы керектөөчүлөргө арналган бөлүмүндө суу берүүдө Кыргызстан тарткан чыгашаларды калыбына келтирүү маселеси каралган.

XS
SM
MD
LG