Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

21-январда президент Аскар Акаев Ош облусунда болду


Облустун активи менен болгон жолугушууда Аскар Акаев алдыдагы референдум эмне үчүн 2-февралга белгиленгенине,Конституциянын жаңы редакциясындагы олуттуу өзгөрүүлөргө, алардын зарылдыгына,референдумга коюлган экинчи маселенин маани-маңызына, оппозиция тарабынан айтылып жаткан айрым дооматтардын негизсиздигине токтолду. Жыйында сөз сүйлөгөндөр референдум ийгиликтүү өтөөрүнө президентти ишендиришти. Жолугушуудан кийин Аскар Акаевдин «Ойдон кетпес он жыл» аттуу китеби бекер таркатылды. Түштөн кийин президент Акаев Ноокат районунда болуп, Жаңыноокат айыл өкмөтүндөгү «Максат» тамеки ферментациялоочу заводун, Караташ айыл өкмөтүндөгү жашылча-жемиштерди консервалоочу цехти көрүп,таанышып чыкты.Президент 22-январь күнү эртең менен Жалалабад облусуна келет.

XS
SM
MD
LG