Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Баткен областынын жетекчилиги Өзбекстандын Фергана областынын акими Алишер Атабаевге кат жолдоду


22-январда Баткен областынын жетекчилиги Өзбекстандын Фергана областынын акими Алишер Атабаевге кат жолдоду. Областтык акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн ушул эле күнү алынган маалыматка караганда, бул катта кыргыз жарандары Өзбекстандын чек ара жана бажы бекеттеринен өтүүдө бир топ азап тартып жатканы белгиленип, областтын бийлиги өзбек тараптан бул маселени тез арада жөнгө салууну өтүнгөн. Анткени, өзбек тарап «сасык тумоо илдети күчөп кетти» деген шылтоо менен чек ара жана бажы бекеттериндеги көзөмөлдү күчөтүп, кыргыз жарандарынын ары-бери катташын бир топ кыйындатып жиберген. Ошондой эле бул катта Сох жана Шахимардан анклавдарынын айланасындагы Өзбекстандын чек ара жана бажы бекеттери 2000-жылы кыргыз жана өзбек өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишимде көрсөтүлбөгөнү эскертилип, мыйзамсыз коюлган мындай бекеттерди алуу талабы коюлган.

XS
SM
MD
LG