Шайлоо системасы боюнча эл аралык фонддун колдоосу менен түзүлгөн коомдук комитет кийинки жуманын башында конституциялык реформага байланыштуу 100 миң нускадан турган китепче чыгарып, аны шайлоочуларга таратат. Китепчеде референдумга коюлган Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу калк арасында жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоолор, суроо, жооптор жазылат. Эл аралык шайлоо системасынын Кыргызстандагы долбоорунун башчысы Чедомир Флего, коомдук комитеттин мүчөлөрү Эднан Карабаев, Алишер Сабиров, Гүлнара Искакова жана Зайнидин Курманов шаршембиде «бул иш-аракет калкты Конституциянын жаңы редакциясы менен тааныштыруу максатында жасалууда», деп билдиришти.
Шайлоо системасы боюнча эл аралык фонд Конституциянын жаңы редакциясын калкка түшүндүрүүнү көздөйт