Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:54

КМШ саммитине кыргыз президенти катышпайт


28-29-январда Украинанын борбору Киев шаарында өтүүчү КМШ мамлекеттеринин президенттеринин бейформал саммитине кыргыз президенти Аскар Акаев катыша албайт. Анын ордуна Киев жыйынына премьер-министр Николай Танаев катышат. Бул тууралуу шаршембиде Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин КМШ боюнча бөлүмүнүн башчысы Эркин Мамкулов билдирди. Анын айтымында, президент Аскар Акаев 2-февралда Кыргызстанда референдум өткөрүлүшүнө байланыштуу саммитке катыша албайт. Киевдеги жыйында президенттер КМШнын эркин соода аймагын түзүү, энергетика, транспорт жана коопсуздук багытында кызматташуу маселелерин талкуулашат.

XS
SM
MD
LG