Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

«Жаңы кыймыл» партиясы Конституциянын жаңы редакциясын колдоду


Кыргызстандагы «Жаңы кыймыл» партиясы бейшемби күнү мамлекет башчысына, Жогорку Кеңештин кош палатасынын депутаттарына, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна, Кыргызстандан биринчи Акыйкатчысына элдик референдумга байланыштуу кайрылуу кабыл алышты. Кайрылуу ээлери, Конституциянын жаңы редакциясында бардык жогорку бийлик бутактарына ыйгарым укуктар тең бөлүнгөндүгүн белгилешип, мындай иш-чара келечекте өлкөдөгү демократиянын өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүн айтышкан. Ошондой эле алар элдик референдумга каршы пикирин билдирген оппозиция өкүлдөрүн сынга алышып, коомчулукту жалпы элдик референдумга катышууга чакырышкан. Бейшемби күнү Кыргызстандагы Жергиликтүү жамааттар конгресси да бардык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын атынан кыргыз элине ушундай эле мазмундагы кайрылуу жасады.

XS
SM
MD
LG