23-январда тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, «Кыргызстан-Беларус» достук коому түзүлүп, анын бет ачаары 21-январда Минск шаарындагы Достук үйүндө өттү. Иш чарага катышкандар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы дипломатиялык мамилелердин башталгандыгынын он жылдыгын ушундайча белгилешти. Аталган коом эки өлкө ортосундагы соода, экономика, илим, билим, техника, маданият жаатындагы кызматташтыктын чыңдалышына жардамдашат. Коомдун төрагасы - Беларусь Улуттук жыйынынын эл аралык иштер жана улуттук коопсуздук комиссиясынын төрагасы, жазуучу генерал-лейтенант Н.Чергинец. Коомдун башкармалыгына Беларустагы белгилүү илим, билим жана маданият кызматкерлери киришкен.