Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакцияда кабыл алынышына «макул» жана «каршы» тараптардын тизмесин 23-январда «Акипресс» маалымат агенттигине шилтеме берип, «Общественный рейтинг» гезити жарыялады. Маалымат агенттигинин 22-январга карата толуктап тараткан бул тизмесине референдумду өткөрүүнү жактаган 18 тарап, каршы болгон 151 тарап кирген. Алардын ичинен референдумду жактоочу тизменин ичинде президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, Жергиликтүү жамааттардын экинчи элдик курултайы, «Адилет», «Жаңы кыймыл», Демократиялык аялдар партиялары бар. Ал эми каршы болгондордун тизмесине «Эркин Кыргызстан», «Ата Мекен», «Асаба», «Кыргызстан коммунисттери» өңдүү оппозициялык маанайдагы 11 партия, “Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы өңдүүлөр кирген.
«Акипресс» маалымат агенттиги референдумга «макул» жана «каршы» тараптардын тизмесин топтоодо