Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Ош областынын Алай районундагы Сарыташ кыштагынын тургундары өкмөт башчысы Н.Танаевге кат жолдошту


Катта Сарыташтагы көмүр кенин уруксатсыз, өз алдынча казып алуу күч алгандыгы, дал ушундай жагдайдан улам 6-январь күнү Тажик Республикасынын Мургап районуна караштуу Сарымогол айылынын тургуну Муратов Кушпакты көмүр басып калып, каза тапкандыгы, ага болбой жекече көмүр казуу уланып жаткандыгы айтылат. Кат ээлери дагы адам өмүрү кыйыла электе көмүр кенин тартипке келтирүүнү, иштетүүнү, кенге жакын турган жергиликтүү элге көмүрдү арзан баада сатууну уюштурууну суранышкан.

XS
SM
MD
LG