Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Кыргызстанда сасык тумоо күч алды


Кыргызстанда, айрыкча Бишкек шаарында соңку жуманын ичинде сасык тумоонун ар кандай түрлөрү менен ооруган адамдардын саны кескин көбөйдү. Буга байланыштуу бейшемби күнү республикадагы Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү департаменти бардык массалык маалымат каражаттарына атайын билдирүү таратып, коомчулукту сасык тумоонун алдын алууга чакырды. Департаменттин кабарлашына караганда, соңку беш күн ичинде Бишкекте сасык тумоонун ар кандай түрү менен ооруган 3175 адам катталып, шаардагы инфекциялык ооруларды дарылоочу ооруканага «тез жардам» кызматы менен күнүнө 45-50 адамдан жаткырылган. Мындай жугуштуу ооруга чалдыккандардын 90% пайызы жаш балдар экендиги айтылат.

XS
SM
MD
LG