Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

КЫРГЫЗ БАСМА СӨЗҮНӨ БАЯНДАМА


Соңку күндөрү кыргыз басма сөзүндө жарык көргөн макалаларга баяндама.

Бейшембиде “Слово Кыргызстана” гезити жер-жерлерден келген референдум колдоочуларынын пикирин жарыя кылды. “Конституциянын жаңы редакциясы боюнча референдумга келип эки суроого тең «макул» деген жооп бергиле», деп кайрылышкан Кемин районунун жашоочулары. “Конституциянын жаңы редакциясын даярдоого бизге он күнгө жакын убакыт берилди, - деп жазат Эксперттик топтун мүчөсү Э. Молдоев. - Алгач Конституциялык Кеңешме иштеп чыккан негизге карап ишти жакын арада бүтөбүз го деп ойлогонбуз. Эмгек жамааттары менен жарандардан келген пикир-сунуштарды көргөндөн кийин узакка иштей турганыбыз ачыкка чыкты. Элден 11 миңге жакын сунуштар түштү». Автордун айтымында, Кыргызстан адам укугун барктаган өлкө, ошондон эл аралык укук нормаларына ылайык Конституциянын жаңы редакциясында адам укугуна жана эркиндигине арналган бөлүм Эксперттик топ тарабынан кеңейтилип жазылды.

Референдум темасына бейшембидеги “Общественный рейтинг” гезити да кайрылган. “Таланттуу оюн коюучунун амири менен көпчүлүктүн ролун ойноп берчү калк бул ирет деле тез-тез өзгөртүлчү Конституцияны колдоп берет. Өз каалоосу менен же милдеттүү түрдө айылына барып референдумга коюлган эки суроону колдоп беришке агайын-туугандарын көндүрүп келүүгө кетишкен үгүтчүлөрдүн артынан жаңы редакцияга жамаачы салып жөнөтүштү”, - деп жазышат Марипов менен Байгуттиев. Алардын айтымында, Башмыйзамда талаштуу деген жерлер толтура. Чукул өткөрүлчү референдумга Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму байкоочуларын жөнөтүүдөн баш тартты. Башмыйзамдын жаңы редакциясы демократияга каршы экенин айрым дипломатиялык миссия өкүлдөрү ачык айтышты. АКШ Конгресси андан да тереңге кетип, Борбордук Азия республикаларынын президенттери кайсы акчалардын эсебинен байгер жашап атканына кызыга баштады.

Референдум шашылыш өткөрүлүп жатканын, калктын көбү Башмыйзамга киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдөн кабарсыз калганын, жер-жерлерден элдин атынан бийликке жаккан пикир, сунуштар түшүп жатканын, бул ишти жылдын аягына жылдырып же 3-4 айдан соң өткөрсө болоорун Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бейшебек Акунов ушул эле гезитте билдирген.

“Кыргызстан маданияты” гезитинин жаңы санында жарыяланган мугалим Дайырбек Ташболот уулунун пикири боюнча, карапайым элди уккан киши жок, баарын “өз кишилер” чечүүдө. Анын ою боюнча, Конституциялык Кеңешмеге катышкандар пикир, сунуштарын арбын айтышканы менен баарын Эксперттик топ чечти.

Кыргыз-тажик чек ара проблемасына бейшембиде “Моя столица” гезити кайрылды. “Суулуу жер проблемасы - Кыргызстандын түштүгүндө өзгөчө курч маселе. Кыргызстанга тийиштүү жерлердин айрымдары тажиктер менен өзбектерге берилген. Кыргызстандагы тажик, өзбек анклавдары ошентип түзүлгөн», - деп жазат Александр Ким. Быйыл 3-январда кыргыз-тажик чек арасындагы бажы бекеттерин жергиликтүү калк талкалап салгандан кийин, ал тосмолор убактылуу алынып салынды. Анткен менен чек ара маселеси дагыле чечилген жок. Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаев гезитте жарыяланган маегинде “кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал кыргыз-өзбек чек арасында да кайталанышы мүмкүн”, дейт. Анын айтымында, республикадагы тажик, өзбек анклавдарынын коопсуздугун Кыргызстан өзүнө алышы керек. Бул - проблеманы тынчтык менен чечүүнүн бир жолу.

Өткөн жылы кулсатык менен шугулданган ортомчуларга каршы 28 кылмыш иши ачылган. 31 адамга чек арадан жашыруун өткөндүгү үчүн айып коюлган. Бейшемби күнкү «Вечерний Бишкек» гезитинин маалымдашынча, чет жерге алданып сатылгандардын саны 4 миң кишиге жетет.

«Агым» гезитинин жума күнкү санында Алым Токтомушевдин «Жолбүгүнү», президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаковдун окурмандардын суроолоруна берген жооптору, Эксперттик топтун жетекчиси Чолпонкул Арабаевдин маеги жарыяланмакчы. «Конституциялык референдум элге эмне берет, андан карапайым калктын утуш алары кайсы?», деген суроолордун тегерегинде публицист Теңирберди Теңирбергенов ой жүгүрткөн. Анын макаласын окурмандар гезиттин жаңы санынан окуй алышат. Басылманын жооптуу катчысы Аскер Сакыбаеванын айтымында, гезиттин жаңы санында «Кыргыз ордо» гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиевдин маеги жарык көрөт.
XS
SM
MD
LG