Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:23

Өзбекстанга барам десең,”кара тизмеге” илинбе


Өзбек бийликтери Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы жөнүндө үзбөй жазган россиялык укук коргоочу Николай Митрохинди республикага киргизбей койду.
Россия элчилигинин өкүлү Д. Коноваловдун маалымдашынча, укук коргоочу “Мемориал” уюмунун мүчөсү Н. Митрохин кечээ Ташкен аэропортунда кармалып, Москвага учкан самолет менен кайра жөнөтүлгөн.
Укук коргоочу өткөн ишемби күнү да Ташкент аэропортунан өлкө ичине өткөрбөй коюлган.
Орус элчилигине Өзбекстандын иммиграция кызматынын ырасмий адамдарынын айтышынча, Н. Митрохин республикага киргизилбөөчү адамдардын “кара тизмесинде” экен.
Н. Митрохин Өзбекстанда акыркы ирет былтыр октябрда болуп, өлкөнүн коопсуздук кызматтары кармалган адамдарды уруп - кыйноону адатка айлантып алганы тууралуу макала жарыялаган.

XS
SM
MD
LG