Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:21

Чечен качкындарынын абалы Еврокеңеште каралат


Европа Кеңешинин адам укуктары боюнча мартабалуу делегациясы Чеченстандык качкындардын турмуш - жайы менен таанышуу үчүн коңшулаш Ингушетияга келди.
Еврокеңештин Чеченстан боюнча өкүлү Франк Жудд башындагы делегациянын мүчөлөрү чечен качкындары жашаган лагерлерди кыдырып көрүшөт жана гумманитардык уюмдардын кызматкерлери менен сүйлөшөт.
Ф. Жудд кечээ күнү Чеченстанда болуп, бийлик өкүлдөрү менен 23-мартка белгиленген референдумга даярдыктын жүрүшү менен таанышкан.
Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн референдум аркылуу Чеченстандын Конституциясына киргизилчү өзгөртүүлөрдүн маанисин элге терең түшүндүрүүнү өтүндү. Көпчүлүк калк Конституциянын сунуш кылынган долбоорун жактап добуш берсе, Чеченстан Россия федерациясынын “айрылгыс бөлүгүнө” айланат.
Ф. Жудд келерки аптада Еврокеңеште Чеченстандагы кырдаал жана адам укугунун абалы жөнүндө билдирүү жасайт.

XS
SM
MD
LG