Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Ирактын Кувейтке каршы дооматы


Ирактын жана Кувейттин делегациясы Иораданиянын байтакты Амман шаарында кездешип, 1990-91-жылдардагы Перс булуңундагы согуш учурунда жоголгон адамдардын тагдырын талкуулашты.
Кувейттик делегациянын жетекчиси Ибрагим Мажид Шахиндин билдиришинче, “маанилүү сүйлөшүү” эртең да улантылат.
Ирак төрт жылдан бери артка созуп келген сүйлөшүү 8- январда улантылган. Кувейт өкмөтү 1990-жылдын августунда Ирак аскерлери басып киргенде жоголгон 605 букарасынын дайын - дарегин тактап берүүнү өтүнүүдө.
Ирак бизде кувейттик туткундар жок деп, согушта жоголгон 1 миңден көп ирактыктын дайынын айткыла деп каршы доомат коюуда.

XS
SM
MD
LG