Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Пакистандын “дипломаттык” жообу


Пакистан Индиянын Исламабаддагы элчилигинин төрт кызматкерин өлкөдөн чыгып кетсин деп талап кылды. Кечээ күнү Индия пакистандык төрт дипломатты айдап чыккан.
Пакистандын тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, дипломаттык мартабасына “ылайык келбеген иштерди жасашкан” төрт адам өлкөнү 48 сааттын ичинде калтырып кетиши шарт.
Дипломаттык статуска “жарашпаган иш” деген сөз демейде чалгынчылык кылды деген маанини түшүндүрүү үчүн колдонулат.

XS
SM
MD
LG