Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжан Циюэ (Zhang Qiyue) айым Ирак маселесинде Кытай өкмөтү Франциянын позициясына “өтө жакын” көз карашта деп маалым кылды. “Ирак кризиси дипломаттык жана саясый жолдор менен жөндөлөт деген үмүттөбүз. (Перс булуңунуна жакын) чөлкөмдө аскерлердин ашыкча көп топтолуп жатканы бизди тынчсыздандырат жана түйшүккө салат”, - деди Чжан Циюэ.
Франция “Ирак кризиси БУУнун арачылыгы менен эл аралык мыйзамдардын негизинде жөндөлүш керек” деген бекем ишенимде.
Франция “Ирак кризиси БУУнун арачылыгы менен эл аралык мыйзамдардын негизинде жөндөлүш керек” деген бекем ишенимде.