Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Вашингтон БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы резолюциясын күтөбү?


Иракка каршы мүмкүн болчу согушту баштоо үчүн Вашингтонго БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы резолюциясынын зарылдыгы жок деп эскертти Америка Кошмо штаттарынын Мамлекеттик секретарынын орун басары Ричард Армитидж. “(БУУнун Коопсуздук кеңешинин) экинчи резолюциясы жок болсо да, (бизде) азыр Иракка каршы кадам жасоого жетерлик вазийпа бар деген ишеничтебиз. Экинчи резолюцияны күтүү боюнча бир чечим кабыл алына элек. Биз, албетте, (БУУнун каруу жарак инспекциясынын башчысы) мырза Бликс жана (МАГАТЭнин жетекчиси) доктор Ел-Барадейи 27-январда Коопсуздук кеңешинде доклад жасагандан кийин атайын талкуунун өткөрүлүшүнү каалар элек”, - деди Р. Армитидж бүгүн Москва шаарында “Эхо Москвы” радиосуна берген интервьюда.
Армитиждин сөзүнчө, Президент Ж. Буш согушту баштоо боюнча бир бүтүмгө келе элек. Анткен менен, “Саддам Хусейнди“ шыпырып түшчү жана куралсыздандырчу мезгил келди”.

XS
SM
MD
LG