Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Президент Аскар Акаев Баткен областында болду


БАТКЕН. 24-январда президент Аскар Акаев Баткен областында иш сапары менен болуп, областтын жетекчилери менен кезигишти. Жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзүндө Президент Конституцияны өзгөртүүгө карата 11 миңден ашуун сунуштар, ой-пикирлер келип түшкөнүн, талкууга Баткен областынын эли да активдүү катышканын айтып өттү. Ошондой эле мамлекет башчысы алдыдагы референдумга коюлуп жаткан Конституциянын жаңы долбоорунун артыкчылыктарына кең-кесири токтолуп, сөзүнүн соңунда Эксперттик топ иштеп чыккан бул долбоор айрым оппозиционерлерге жакпай калгандыгын, алар элди тескери үгүттөп жатканын айтып, элди аларга ишенбегенге үндөдү. Жыйын соңунда Аскар Акаевдин «Ойдон кеткис 10 жыл» аттуу китеби бекер таратылды. Өлкө башчысынын Баткен областына болгон иш сапары ушул эле күнү аяктап, Бишкекке кайрадан жол тартты.

XS
SM
MD
LG