БИШКЕК. Кыргызстанда СПИД оорусун жугузгандардын саны 362 адамга жетти. Алардын 294ү жергиликтүү жарандар, 26сы аялдар. Бул тууралуу бүгүн республикалык СПИД борборунан кабарлашты. Статитистикалык эсептөөлөргө караганда, ооруну жугузгандардын 80 пайызы - баңгилер. Ал эми Кыргызстандын түрмөлөрүндө жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткандардын жана кутулуп чыккандардын 166сы ушул илдет менен жабыркашат. Республикалык СПИД борборунун билдиргенине караганда, бул 1-январга карата такталган маалымат. Өткөн жылдын биринчи ноябрында СПИД илдетин жугузуп алгандардын саны 334 болгон.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов