БИШКЕК. Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн улуттук координаторлор кеңешинин Астанада өтүп жаткан кезектеги отуруму 23-январда аяктады. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Үч күнгө созулган жолугушуу учурунда алты өлкөнүн башчылары Санкт-Петербург жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды, Шанхай Кызматташтыгынын Хартиясын жана башка документтерди ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты. Биринчи кезекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун катчылыгын Пекинде негиздөөгө, антитеррордук регионалдык структуранын штаб-квартирасын Бишкекте ачууга, кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелерге маани берилди. Кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланыштуу тиешелүү документтерди даярдаш үчүн эки эксперттик топ түзүлдү. Кыргызстандан бул отурумга улуттук координатор Асанбек Осмоналиев баштаган делегация катышты.
Астана отуруму Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн кызматташтыгын өнүктүрүү маселесине маани берди