Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:44

Кыргызстандагы референдумга Молдованын, Беларустун, Казакстандын байкоочулары көз салышат


БИШКЕК. 2-февралда өтө турган референдумдун жүрүшүн чет өлкөлүк жыйырмадан ашык маалымат каражаттары чагылдырышы, анын мыйзам чегинде өтүшүнө жергиликтүү жана чет өлкөлүк байкоочулар, эл аралык уюмдардын жергиликтүү бөлүмдөрү көз салышы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Өз байкоочуларын жибере тургандыгы жөнүндө алгачкылардан болуп Молдова, Беларусь, Казакстан мамлекеттери билдиришти. Ал эми алардын толук тизмеси келерки аптада жарыяланат.
Азыр республика боюнча добуш берүүчү 2086 чөлкөм даяр. Аларга добуш берүү үчүн даярдалган бюллетендер референдум өтөөр күндөн беш күн мурун жеткирилип, алар 2-февралга чейин ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кайтаруусундагы атайын жайларда сакталат.

XS
SM
MD
LG