БИШКЕК. Президент Аскар Акаев Конституциянын жаңы редакциясынын долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча жардыкка кол койду. Ага ылайык, мамлекет башчысынын болочоктогу парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдарга абсолюттук вето коюу укугу жөнүндөгү жобо Конституциянын жаңы редакциясынан алынып салынып, Конституциялык Сотко арыз менен президенттен тартып, катардагы жарандарга чейин кайрыла алат деген жобо кайрадан киргизилди. Ошондой эле Конституциянын 16-беренесинин 9-бөлүкчөсүндөгү «ар бир адам сөз эркиндигине ээ» деген жобого «ар бир адам басма сөз эркиндигине ээ» деген сүйлөм кошумчаланды. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады.