Египет аларга жакында Израиль менен бир жылга жарашууну сунуш кылган эле. Радикалдуу айрым уюмдар бул сунушту четке кагып, жөөттөргө кол салуу иштерин токтотпой тургандыгын билдиришти. Израилдин түштүгүндөгү эки шаарды – Ашкелон жана Седерот калааларын бүгүн Газа тилкесинен белгисиз бирөөлөр ракетадан аткылады. Седеротто бир имаратка ракета тийгени айтылууда. Израилдин радиосу ырастагандай, ракеталык дүрбөөндөн соң жөөт аскерлери Газа тилкесиндеги бир ишкананы талкалап салышты.