Добуш берүүнүн экинчи туруна чыккан экс-премьер Вацлав Клаус жана сенатор Ярослава Мозерова жетерлик сандагы кол топтой алышкан жок. Бүгүн кечинде шайлоонун үчүнчү айлампасы өткөрүлүшү мүмкүн. Эгер ал да майнапсыз аяктаса, анда жалпы элдик шайлоо жарыяланышы ыктымал. Чехияда мамлекет башчысы парламентте шайланат. Эки палатанын депутаттары январдын ортосунда өлкөнүн жаңы президентин шайлай албай коюшкан эле. Азыркы президент Вацлав Гавелдин бийлик мөөнөтү 2-февралда бүтөт.