Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Ош облусунда элдик референдум даярдыгы кызуу жүрүүдө


Ош облустук шайлоо комиссиясына 25-январда референдумга сунушталган Конституциянын жаңы редакция долбоорунун оңдолгон варианты басылган 10400 гезит келип, алар шайлоо участкаларынын саны боюнча райондорго таратылууда. Облустагы 439 добуш берүүчү участоктун баары тең жылуулук, жарык, телефон менен камсыздалгандыгы тууралуу «Азаттыкка» облустук штабдан кабарлашты. Ал эми «Ата Мекен» социалисттик партиясынын Ош шаардык уюму соңку Конституция долбоорундагы эки маселеге каршы экендиги жөнүндөгү билдирүү таратты. Партиянын Ош шаардык уюмунун төрагасы Сатинбай Осмоновдун айтымында, атамекенчилер «партиялык тизме менен шайлоо тартибинин жоюлушуна, соода, тариф, баа, социалдык төлөмдөр сыяктуу мыйзамдарга өкмөт парламентсиз эле, өз алдынча кабыл алуусуна» каршы.

XS
SM
MD
LG