Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Аскар Акаев 25-январда Талас областында болду


Мамлекет башчысы Таластагы иш күнүн Манастын күмбөзүнө зиярат кылуудан баштады. Президент улуттук статус алганы менен жакшы өнүгө албай жаткан «Манас ордо» маданий комплексине 100 миң сом жардам бермек болду. Комплекс жамааты кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөөнүн эң алгачкы иш-чарасы кыргыздардын тарыхый борбору - Манас күмбөзүнөн башталсын, деген сунушун айтышты. Президент эл шайыры Атай Огонбаев төрөлгөн Талас районундагы Көккашат айылында болуп, залкар таланттын айылдаштары курган Огонбаевдин үй-музейи менен таанышып, жергиликтүү эл менен аңгемелешти. Акаевдин област коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуусу Талас шаарындагы Атай атындагы музыкалык мектепте өттү. Жолугушууда президент Конституциянын жаңы редакциясы тууралуу кеңири сөз сүйлөдү. Таласка президенттин жубайы да кошо келди. Майрам Акаева Талас университетинде болуп, окуу жайдын техникалык багыттагы лабораторияларын жабдууга 100 миң сомдук жардам көрсөтөөрүн билдирди. Көрсөтүлгөн жардамды физика-математика мугалимдерин даярдоого жумшоону суранды.

XS
SM
MD
LG