24-январда узакка созулган оорудан кийин, белгилүү кыргыз адабиятчысы, акын жана прозачы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Камбаралы Бобулов дүйнөдөн кайтты (15.05.1936 – 24.01.2003). Камбаралы Бобулов кыргыз окурмандарына таасын сынчы, таланттуу адабиятчы, мыкты прозачы, акын катары белгилүү болчу. Анын айтылуу «Түштүк кызы» повести, кыргыз поэзиясында чоң сөзгө арзыган «Махабат аралы» ыр жыйнагы, кыргыз адабиятынын теориялык-тарыхый проблемаларын иликтеген эмгектери жамы кыргыз окурмандарынын гана эмес, чет элдик илимпоздордун да мактоосуна арзыган. Камбаралы Бобулов илимий-чыгармачылык иши менен катар биртоп коомдук жооптуу кызматтардын өтөлүн алган. Ал «Правда» гезитинин Кыргызстан боюнча кабарчысы, «Кыргызстан пионери» гезитинин башкы редактору, автордук укук комитетинин башчысы, «Эне тил» коомунун президенти болуп иштеген. Маркум Кыргызстан эгемендигине жетишкен чакта парламент депутаты жана публицист катары бир катар мамлекеттик маселелерди, анын ичинде мамлекеттик тил көйгөйлөрүн ырааттуу түрдө көтөргөнү үчүн өзгөчө айырмаланган.
Кабарларды даярдаган Азиза Турдуева.
Кабарларды даярдаган Азиза Турдуева.