Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрү элге кайрылышты


Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрү өлкө калкына референдумду колдоого чакырган кайрылууну жарыя кылышты. Анда конституциялык реформанын улантылышы керектиги айтылып, Эксперттик топ даярдаган Башмыйзамдын жаңы редакциясына жогору баа берилген. Академиктер кайрылууда белгилегендей, референдумга сунушталып жаткан Конституциянын жаңы долбоору бийлик бутактарынын тең салмактуулугуна, адам укуктарынын сакталышына кепилдик берет жана өлкөдө атуулдук ынтымактын жана бейпилдиктин сакталышын шарттайт. Кайрылуу ээлери Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынса, өлкөдө саясий, экономиккалык жана социалдык реформалар алга жылып, Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшү жакшырат деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG