Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Конституциялык сотто кыргыз-кытай чек ара маселеси каралат


27-январда Кыргызстандын Конституциялык сотунда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 12 депутатынын Үзөңгүкууш маселесине байланыштуу арызы каралат. Бул тууралуу жекшембиде палата депутаты Азимбек Бекназаров «Азаттыкка» маалымдады. 2002-жылдын май айында Мыйзам чыгаруу жыйынынын айрым депутаттары Конституциялык сотко Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Үзөңгүкууш боюнча чек ара макулдашуулары Кыргызстандын мыйзамдары, эл аралык нормаларды бузуу менен ратификацияланган, деп кайрылышкан. Арызга кол койгондордун атынан парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Ишенбай Кадырбеков Конституциялык соттун ишине катышат. Кыргыз расмий бийлиги кыргыз-кытай чекара келишимдери мыйзамдык негизде парламентте жактырылган деп эсептөөдө.

XS
SM
MD
LG