Жума күнкү “Агым” гезитинде жарыяланган маегинде президент Акаев: “утурумдук кызыкчылыкка азгырылып, элдин келечегине каршы чыгып, мамлекетти бөлүп-жаруу иштерин жасап жаткан жарандарыбыз дагы жок эмес. Бул көрүнүш массалык маалымат каражаттарында да учураганы айрыкча зыяндуу” ,- деген пикирин айтты. Башмыйзамдын жаңы редакциясына жалпы коомчулук катышты, «биз бардыгыбыз утушка ээ болдук»,- деп билдирди ал. Оппозициянын азыркы ишине токтолгон президент “курулай жалаа жаап, ак жерден бирөөнү каралагандын ордуна, иш жүзүндө элге кызмат көрсөтүшсө алда канча жакшы болор эле»,- деди. Президенттин айтымында, аты белгилүү саясатчылардын артынан бийликке жаңы муун келатат, «элдин уучу кур эмес”.
24-январда “Вечерний Бишкек” гезити “Агым” басылмасынын башкы редактору Мелис Эшимкановдун “Өрт койгучтар деле элге жарык чачып атабыз, деп ойлошот», деген маегин жарыялады. Эшимканов бирге жүргөн оппозициялаштарынын референдумга каршы чыкканын жактырбастыгын айтып, алардын билдирүүлөрүн, нааразылыгын колдобостугун ачыкка чыгарды. Акаевдин жанындагы аткаминерлер, губернаторлор президентти ачык колдоп чыга алышпайт деп, өкмөттүк чиновниктерге ичи чыкпаганынк айтты. Мелис Эшимкановдун пикири боюнча, Акаев оппозиция менен мыйзамдын тили менен гана сүйлөшүүсү керек. «Болуп аткан окуяларга баам таштап, талдап, кези келгенде бийликти цивилизациялуу жол менен өткөрүп алуунун жолун ойлончу болдум. Бийликке жаңы муун өкүлдөрү келиши керек. Эгер Аскар Акаевич өзү жактырган мураскеринин атын атап, аны өзү тарбиялап берсе андайдын эч кандай өөнү деле болмок эмес. Орусиянын жакшы өнөгөсү бар эмеспи,- дейт ал.
Президент Акаев батыл эксперименттери, терең илимий изилдөөлөрүнүн натыйжасында үч дөңгөлөктүү велосипед ойлоп тапканын жума күнү «Моя столица» гезитинде Рина Приживойт жазып чыкты. Арткы эки дөңгөлөгү, албетте, парламент менен өкмөт, алдыңкысы – президент бийлиги. Эскиден калган жаңы тетик президенттин көңүлүнө ушунчалык бап келген экен, ушу тапта ал үч дөңгөктүү велосипеддин артыкчылыгын айтып түгөтө албай республиканы кыдырып жүрөт, деп белгилейт макала автору. Бир дөңгөлөктүү – парламенттик, болбосо эки дөңгөлөк таканчыктуу – парламенттик-президенттик саясий системадан президенттик-парламенттик түзүлүштүн артыкчылыгын референдум ырасташы керек. Эл президент жактырганды колдоп берет. Ал үчүн болгон административдик ресурс ишке салынды, деп маалымдайт макала автору.
«Менин добушумдан эмне чечилет эле?» деген психологиялык тосмодон кутулуп, бул сөздү мээден таптакыр өчүрүш керек,- деп жазат ишемби күнкү «Аалам» гезити. Жалпы элдик пикир деле бир добуштан куралат. Ушул эле гезитте референдум чукул чакырылганын, Ош, Жаллабат, Баткен дубандарынан Орусия менен Казакстанда иштеп жүрүшкөн жарым миллионго жакын калк андан кабарсыз калганын Чагылган Сабыр уулу «Элиң кайда депутат?» деген кабарында маалымдайт. Автордун айтымында, республиканын алдуу-күчтүү калкынын кыйласы сыртта жүрүшөт. Добуш берчү жарандардын 30-36% жок, алар качанга чейин «өлүү эсеп» болуп жүрүшөт?», деп суроо коет макала автору. Эне тилдин азыркы абалына жаны кейиген жазуучу Жылкычы Жапиев «Кыргыз тилин кимден коргоп жатабыз?» деген макаласында мамлекеттик тил азыркы бийликке шайлоо, референдумдар алдында гана керек болгонуна токтолот. Автордун пикири боюнча, тилди саясатка илештирбөө, жеке кызыкчылыкка айландырбоо зарыл.