Кытай менен Тайван ортосунда акыркы 50 жылда биринчи жолу коммерциялык аба жолдор каттамы убактылуу ачылды.
Шанхайдын Pudong авиабекетинен биринчи рейс менен 243 жүргүнчү учуп чыкты. Алар негизинен Кытай Жаңы жылын мекенинде белгилөөнү каалаган тайвандык ишкерлер.
Шанхай-Тайпей ортосунда 9-февралга чейин бардыгы 16 чартердик рейс аткарылат.
1949-жылы граждандык согушта жеңилген гоминдончулар Тайванда негиздешкенден кийин, Кытай менен аба жана деңиз жолдор, ошондой эле, почта- телеграф байланышын токтотуп коюшкан.
1990-жылдардын башында Бээжин Тайван менен болгон соода байланышын либералдаштыргандан кийин, тайвандык ишкерлер Кытай рыногун эпкиндүү өздөштүрө баштаган. Учурда Шанхайда жана Кытайдын түштүк чыгышындагы деңиз жээгиндеги аймактарда миңдеген тайвандыктар жашайт.