“АКШ башындагы күчтөрдүн коңшулаш Иракка каршы согушу чукулдап калды” деген пикирин билдирди Кувейттин тышкы иштер министри Шейх Сабах ал-Ахмад.
Шейхтин сөзүнчө, Кувейттеги америкалык жарандарга болгон бир нече кол салуу, непада согуш башталып кетсе, өлкө ичиндеги кырдаал оорлоп кетиши ыктымал деген тыянак чыгарууга түрткү берет. Өткөн аптада Кувейттеги АКШнын аскерий базасында иштеген америкалык жаран буктурмадан атып өлтүрүлгөн. Кол салууну Алкаида уюмунун колдоочулары уюштурду деген ишенимде Кувейт бийликтери.
Кувейтте азыр 15 миңден көп америкалык аскер бар. Аларга жакында Британиялык аскерлер келип кошулат.
Февралдын ортосуна чейин Перс булуңуна кеминде 150 миң америкалык аскер жайгаштырылат деп күтүлүүдө.